Санкт-Петербургда 41 жаштагы кыргыз жаранына ок атылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 41 жаштагы кыргыз жараны ооруканага түштү. Ал оң жаагынан жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы жергиликтүү тургун 41 жаштагы кыргыз жаранына ок аткан.

Окуя 16-январда түнкү саат 3:30 чамасында Купчино районунда болгон. Жабырлануучу унаа оңдоочу жайда иштейт.

Жергиликтүү тургун кыргыз мигрантынын аткарган жумушуна канааттанган эмес. Окуя болгон күнү жабырлануучу нааразы болгон кардар менен сүйлөшүүгө барган. Бирок унааны оңдоо үчүн талап кылынган эмгек акыдан улам чыр чыккан. Кардар жабырлануучуну сыртка түртүп чыгарып, артынан ок аткан. Андан соң үйүнө кирип кеткен.