Назарбаев Түркиядагы Дипломатиялык форумга катышып жатат

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев 9-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Анталияга Дипломатиялык форумга катышуу үчүн барды.

Бул тууралуу биринчи президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибайга таянып Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

Дипломатиялык форуму глобалдык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу үчүн талкуу аянтчасы, деп белгилеген Айдос Укибай.