Надира Нарматова алимент боюнча карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоону сунуш кылды

ЖК депутаты Надира Нарматова алимент боюнча карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоону сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Нарматованын айтымында, Кыргызстанда мындай карызы бар жарандардын саны 100 миңге жетет.

«Эркектер балдарга кам көрүп, жоопкерчиликти ала билиши керек. Балдарына алимент аз болсо да өз убагында төлөй алышпайт. Алардын көбү өлкөнүн сыртына чыгып кетишет, ал эми аялдар кыйналып кала беришет.

Тиешелүү органдар чараларды көрүшү керек, кетип жатканда эркектердин колунда алиментке карызы жок деген справка болушу керек. Аны көргөзмөйүн өлкөдөн чыгарбоо керек, аба майданбы, темир жолбу баардык жакка бул талапты коюу керек», — дейт Нарматова.