Москвадагы кыргыз диаспорасы Домодедоводо кармалып калган казактарга жардам берди

Москва шаарынын «Домодедово» аэропортунда 2 күндөн бери Казакстанга уча албай, аэропортто калган жүргүнчүлөрдүн видеосу тарады.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, Москвадагы кыргыз диаспорасы аларды тамак-аш менен камсыздоодо.

«Эки күндөн бери үйүмө учуп кете албай жатам. Авиакомпания да, Орусиядагы Казакстандын элчилиги да бир дагы телефон чалууга жооп бербей жатат.

Азыр Бишкек аркылуу үйгө жетүүгө аракет кылып жатам. Казакстанда интернетти да өчүрүп коюшкандыгына байланыштуу үйдөгүлөргө да байланыша албай, сарсанаа болуп жатабыз. Ушундай кырдаалда бир гана Москвадагы кыргыз диаспорасы кол сунуп, ысык тамак жана суу менен камсыздап колдоо көрсөттү», — деп билдирген Гаухар аттуу жүргүнчү.