Кыргыз-казак көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин ишине өзгөртүүлөр киргизилди

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин ишине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу билдирет.

8-январь саат 11:30га карата төмөнкү өткөрүү бекеттер иштөөдө:

  • “Чалдыбар” (Кыргызстан) – “Сыпатай Батыр” (Казакстан) чектөөлөр менен:

– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;

– Казакстанда жүргөн кыргызстандыктар “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу келе алышат;

– Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чалдыбар” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;

– жүк ташуучу унаалар “Чалдыбар” өткөрүү бекетинен Казакстандын аймагына чектөөсүз өтөт.

  • “Ак-Жол” (Кыргызстан) – “Кордай” (Казакстан) чектөөлөр менен:

– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;

– Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;

– Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;

– Жарандар бир гана жөө өтө алат.

  • “Ак-Тилек” (Кыргызстан) – “Карасу-унаа” (Казакстан) чектөөлөр менен:

– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;

– жүк ташучу унаалардын айдоочулары – Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары Казакстандын аймагына кире алышат;

– жүк ташуучу унаалардын айдоочулары – Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү мамлекеттердин жарандары Казакстандан Кыргызстанга кете алышат;

– Казакстанда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Казакстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;

– Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары Кыргызстандан “Ак-Тилек” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.

  • Талас районундагы “Чоң-Капка” (Кыргызстан) – “Айша-Биби” (Казакстан) чектөөлөр менен:

– Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди;

– Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик жүк ташуучу унаалар гана өтө алат;

– Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Казакстандан “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат;

– Кыргызстанда жүргөн Казакстанстандын жарандары “Чоң-Капка” өткөрүү бекети аркылуу чыга алышат.

2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү бекеттеринде адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган жок.

УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү бекеттеринин ишиндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип турат.