«Манас» аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон казакстандыктарга жардам берилди

Бишкек мэриясы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз жана тынымсыз байланышта болуп, «Манас» аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда.

IMG 20220108 WA0005 300x224 1 «Манас» аэропортуна учуп келүүгө аргасыз болгон казакстандыктарга жардам берилди

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакстандан келген транзиттик жүргүнчүлөр үчүн муниципалдык транспортторду тартуу менен ташуу уюштурулуп, ошондой эле алар Казакстанга жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда түнөө жана ысык тамак менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Мэрия ошондой эле ыктыярчыларды биргелешип иш-аракеттерин пландаштырууга чакырат, бул үчүн төмөндөгү телефон аркылуу байланышууга болот: + 996 555 988 866 Исаков Миргазы Маратович, мэриянын аппарат жетекчиси, же Чүй пр., 166 дареги боюнча келүүгө болот.