Кыргыз элине казак жарандары ыраазы болду

Кыргызстанга кышкы каникулга келип, кайра мекенине кете албай калган казакстандыктар аларга жардам бергендерге алкыш айтты.

Кыргызстанга ырахмат! Альпинист мейманканасы баарынан мыкты. Казак элинен баарыныздарга ыраазычфлфк билдиребиз!, – деп жазды Гульзат Раимбекова.


– Алматыда башаламандыктар болуп жатканда, биз Каракол лыжа базасында болчубуз. Биз ал жактагы кырдаалга байланыштуу Бишкекте калууга аргасыз болдук.
Ушундай оор кырдаалда, казак элинин башындагы оор мезгилде боордош кыргыз элине, анын арасынан @ambassador.kg мейманканасынын администрациясына бизге акысыз турак жай бергенине жана ар кандай жардамдарга абдан ыраазыбыз, – дейт ал.

Ошондой эле, Telegram каналында волонтерлор тарабынан ачылган #домойчерезбишкек деген топко да ыраазыбыз, – дейт казакстандык конок.

Мындан башка да казак жарандары кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип жатышат.