Талдыкоргандагы СИЗОго кол салуу болду

Бүгүн, 7-январь түштөн кийин Талдыкоргандагы СИЗОго кол салуу болду. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салган террористтердин саны 20ны түзөт жана алар камуфляж формасында болушкан.

Атайын операциянын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери кол салган бир адамды өлтүрүп, бир кишини жарадар кылышты.