Суюлтулган газдын баасы арзандайт

Pumping gas

Кыргызстандын суюлтулган газ рыногу азыркы учурда Россиядан жана Казакстандан импорттун эсебинен гана камсыздалат. Ошондой эле аз көлөмдө Армения, Өзбекстан, АКШ, Франциядан келет.

Ал эми суюлтулган газга болгон баалардын өзгөрүшү жогорудагы өлкөлөрдө газга болгон дүң баанын өзгөрүшү менен байланыштуу.

Мамагенттик тарабынан жүргүзүлгөн баалардын мониторингине ылайык, өндүрүүчү өлкөлөрдөн суюлтулган газдын жеткирилишин (транспорттук жана кошумча чыгымдар, салыктар ж.б.) эске алуу менен газдын негизги сатуусу ишке ашырылган Бишкек шаарындагы суюлтулган газдын баасы учурда 1 литри 36-37 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, газдын 1 литри жакынкы аралыкта 2-3 сомго арзандашы күтүлүүдө.