Актаудагы митингчилер тарай турганын билдиришти

Актаудагы митингчилер тарай башташты. Бул тууралуу соцтармактагы жарыяланган видеодо айтылат.

Видеодон, алардын негизги талабы – Назарбаевдин отставкасы аткарылганын айтып жатышканын көрүүгө болот.

«Жетишет, бизге тынчтык керек. Назарбаев кетти, биз каалаган нерсеге жеттик. Үйүбүзгө тынчтык!» — дейт митингчилердин бири.