Кыргыз аскерлери Казакстанга тынчтыкты орнотуу үчүн жөнөтүлмөкчү

Жогорку Кеңеш Казакстанга Кыргызстандын аскерлерин жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса, кыргыз аскерлери казак жарандарына каршы аракеттерге тартылбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Жогорку Кеңеш жактырса, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун жобосуна ылайык жамааттык күчтөрдүн курамында Казакстанга тынчтыкты орнотуу үчүн жөнөтүлөт. Кыргызстандын тынчтык орнотуучулары стратегиялык маанидеги объектилерди коргойт. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбай турганын өзгөчө белгилейбиз”, – деди Султанбаев.

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселесин караган отуруму кворум болбой калгандыгына байланыштуу өтпөй калды. Жыйын 7-январга жылды.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.