Кыргызстандын жарандарын Алматы шаарынан атайын автобус алып кетет

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстан Республикасында акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге консулдук-укуктук жардам көрсөтүү ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырууда.

«Министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргызстандын жарандарын Алматы шаарынан алып чыгуу үчүн автобус уюштурулуп, жарандарды эвакуациялоого кеткен чыгымдардын баары төлөнүп, азыркы кезде жарандар “Ак-жол” көзөмөлдөөчү-өткөрмө пунктуна карай багыт алышууда, аталган жерден жарандарды КР ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардам көрсөтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет.