Эдил Байсаловго бармагын көрсөткөн жаран сурак берип жатат

c3008db8 5fe9 4ce1 bcd7 f60e3bc2795a Эдил Байсаловго бармагын көрсөткөн жаран сурак берип жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы Жогорку Кеңештин астына пикетке чыккандардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан акыркы убакытка чейин түзүлгөн кырдаалдан Казакстан өз алдынча чыга алат деген ишенимде болгонун айткан. Бул учурда бейтааныш адам ага ортонку бармагын көрсөткөн.

Учурда ал Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жатат.

Эске салсак, Байсалов журналисттерге Казакстандагы кырдаал боюнча мындай деген: “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун андан башка келишимдерге ылайык Казакстандын мыйзамдуу бийлиги расмий түрдө кайрылганга чейин Кыргызстандын позициясы бир тууган эл жана анын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалдан өз алдынча чыга алат деген ишенимде болчу. Бир тууганың жана жакынкы коңшуң жардам сурап жатат”.