Эрулан Кокулов менен Мирлан Самыйкожо бир сом коротпой депутат болду, – президент

Жапаров бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов менен бир мандаттуу округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өткөнүн белгиледи.

«Бул шайлоо бардыгына чоң сабак болду. Шайлоо маданияты мындан ары бизде өсөт. Шайлоодо кимдер өтөрүн көрдүк. Бир сом акча коротпой Эрулан Кокулов өттү, бир мандаттуу округдан акчасы жок акын Мирлан Самыйкожо өттү. Булар бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген балдар, жаштар. Шайлоонун шарттары мындан ары да өзгөрөт, күчөтүлөт. Үгүт иштериндеги каталарды катышуучулар түшүндү. Куру убадаларга эч ким ишенбейт. Эл бирөөнү каралоого муктаж эмес. Бирөөлөрдү жамандоо позициясынан эл анын деңгээлин гана көрүп жатат. Жамандаган сайын атаандаштырынын аброюн көтөрүп, даңкын күчөтөт. Шайлоодо эл өзү иргеп, мыктынын мыктысын тандады.Талапкерлер өздөрүнүн чыныгы салмагын көрдү», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

Күн тартибинде Министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарылган иштери жөнүндө отчету жана Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы каралууда.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.