«Судья кынтыксыз болушу керек»: Истамкуловго эскертүү берилди

Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов тууралуу коомдук тармактарда тараган тасманын чоо-жайын Жогорку соттун жетекчилиги териштирди. Жыйынтыгында «судья кынтыксыз болушу керек» деген эскертүү берди.

Маалыматка ылайык, Кылычбек Истамкулов аялына кол көтөрүүгө үй-бүлөлүк пикир келишпестик себеп болгонун түшүндүргөн.

«Жубайы жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийин кызуу абалында автоунааны айдаганы жатканда, Истамкулов аны токтотуунун аракетин көргөн учурун бейтааныш адамдар тымызын тартып алып, социалдык тармактарга таркатышкан. Кылычбек Истамкуловдун жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экенин түшүнүп, пикир келишпестик жоюлганын ырастады», — деп жазылган Ош облустук соттун маалыматында.