Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жарандардын кайрылууларын кароонун алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган. Талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга байланыштуу жаза чыгаруу менен коркуткан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана оперативдүү-техникалык иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталды.

Бул жагдайда соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы жашыруундуулуктун зарыл чараларын сактоо менен алышып, андан кийин алар талап кылынган сумманы судьянын досуна өткөрүп беришкен, андан кийин гана судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан кийин гана акчаны алган.

Белгилей кетсек, бул кылмышка тиешеси бар ар бир адам үчүн анын катышуусунун негизинде, опузалап алынган каражаттардын жалпы суммасынан белгилүү бир үлүшү берилип турган.
2023-жылдын 20-апрелинде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилген.

2023-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык судьяны жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат.

cc8029ec 6039 4e89 8925 c7a5f6995006 Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду
91db9c8e 1bde 4143 98da 937b5b41058e Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду
88a9c576 87a4 4d05 91d6 287902ef8ed7 Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду
c5d3583e 2575 469e 8a02 19fbd38fd562 Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду
03f7b1bd a174 47a2 9c16 001acbcef78e Пара талап кылуу фактысы боюнча Ленин райондук судьясына кылмыш иши козголду