Анкарада эң бийик эки эгиз мунарасына Кыргызстандын жана Түркиянын желектери коюлду

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 23-декабрында Анкаранын борборундагы Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) эң бийик эки эгиз имараты (мунаралары) Кыргызстандын жана Түркиянын желектеринин түстөрүнө боёлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул акция TOВВ тарабынан Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылды.