Алгачкы сессияны эң улуу депутат— Шарапаткан Мажитова  ачат

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын сессиясын биринчи жолу аял депутат — Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») ачат. Анткени ал жетинчи чакырылыштагы парламенттеги жашы боюнча эң улуу депутат.

22-декабрда ЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мажитова анын кабинетине (№512) жайгаша турганын билдирген.

Буга чейин парламенттин жаңы депутаттарына кабинеттер комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлө турганы айтылган.

1286068.b526efe19fd178004c50dd67d02013fb Алгачкы сессияны эң улуу депутат— Шарапаткан Мажитова  ачат

Мажитова спикер шайланганга чейин парламенттин жыйындарына модераторлук кылат.

БШК жаңы депутаттарды каттоону убактылуу токтоткон.