Бишкекте ок атышкандар тергөө кызматына жеткирилди

Бишкектин борборундагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалдын айрым катышуучулары тергөө кызматына жеткирилгенин 23-декабрда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ бул факт маалымат журналына катталып, учурда алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин айтты.

Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосунда жигиттердин ортосунда чыр чыккан.