Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту

Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту

4L7A7584 Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту

17-декабрда Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Р. Керимбаева Кыргызпатенттин инновациялык идеяларды иштеп чыгуудан баштап, укуктук коргоону камсыздоо жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга чейинки интеллектуалдык ишмердикти өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле, “40 райондон – 40 демилге” долбоору жана аймактарда инновациялык долбоорлорду ачуу идеялары менен бөлүштү.

 Өз кезегинде Ханс Фарнхаммер Кыргызпатенттин өлкөнү өнүктүрүүдөгү ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, Европа биримдигинин өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылган долбоорлору тууралуу айтып берди. Пикир алмашуудан кийин тараптар мындан ары биргелешип аракеттенүүгө жана кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Жолугушуунун соңунда Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева конокторго инновациялык борбор менен тааныштырды.

4L7A7548 Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту
4L7A7519 Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту
4L7A7515 Кыргызпатенттин директору Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Ханс Фарнхаммер менен жолукту