Сарылдык уулу Ильгиздин мандаты Усубалиев Таалайбекке берилди

Бүгүн, 20-декабрда «Социал-демократтар» фракциясынан депутат Сарылдык уулу Ильгиз Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын тапшырды. Мандат Усубалиев Таалайбек Болотбековичке берилди.

Бишкек шаарыдык кеңешинин жыйынында белгилүү болгондой, аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 22-ноябрындагы №78 чечими менен Сарылдык уулу Ильгиздин «КСДП» фракциясынан депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арызын канааттандырган.