Өмүрбек Текебаев: Саясий талаадан кетүү оюмда жок

«Ата Мекен» партиясы жана «Эгемен» коалициясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоо адилетсиз өтүп, бурмалоо жолу менен бийликчил партиялар келгендигин айтып келүүдө. Жогорку Кеңештин жаңы VII чакырылышына командасы менен келбей калгандан кийин пландары кандай экенин айтып, ЖКнын жаңы курамынын дарамети менен президенттин иши кандай жүрөрүн BULAK.KG сайтына айтып берди.

ЖКнын жаңы VII чакырылышы боюнча пикириңиз кандай?

Токсон депутаттын сексени бийликчил депутаттар, алар бийликтин айтканын аткарат. Ошондуктан бул парламент өз алдынча боло алат деп ойлобойм. Бүгүнкү бийлик ачыктан ачык жеке адамдын бийлигин күчөтүүнү мамлекеттик саясат катары алып бара жатат. Демек, бул иштер парламентке мүмкүнчүлүк бербейт.

Жарандык коомдун башка институттарынын ролу абдан чоң, алардын ичинде саясий партиялардын дагы. Ошон үчүн биз алдыбызда турган чоң иштерди аткарышыбыз керек деп жатабыз.

Парламенттин элдеги аброю алар тутунган позициядан, жасаган ишинен көз каранды болот. Ошондой эле, эң негизгиси алар коомдогу лидер боло алабы деген суроо жаралат. Парламентте эмес партиялар, парламентте эмес лидерлер аларга караганда көрөгөч, принципиалдуу жана компетенттүү болуп жатса келерки парламенттин аброю болбойт.

Парламентте эмес лидерлер коомдук пикирдин күн тартибин аныктап, керек болсо мамлекеттин күн тартибин аныктаса мындай парламенттин пайдасы болбойт. Ошондой эле, жарандык лидерлерге каршы бул парламент атаандаштыкты түзө алабы? Бул жагдай алардын канчалык президенттен көз каранды болгонуна байланыштуу маселе.

Жогорку Кеңешке келген кишилердин жеке сапаттарын сындагандан алысмын. Бирок, алардын көз каранды, вассалдык позициясы өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жол бербейт.

Садыр Жапаровдун бийлигинин күчтөнүүсү эмнеге алып келет?

Бийликтин күчтөнүүсү “застойго” алып келет. Мындай көрүнүш биздин тарыхыбызда болгон, президенттен башка эч ким жоопкерчиликти өзүнө албайт жана жаңы демилгелерди жасабайт. Ошондой эле, бийликтин туура эмес жүрүп жаткан саясатын парламенттегилер сынга ала албай калат. Мунун натыйжасында өзүм билемдик болуп, тажрыйбасы, билими жана компетенциясы жетишпесе сөзсүз жаңылууга алып келет.

Мындан аркы пландарыңыз кандай?

Бүгүн информациялык, коммуникациялык жаңы технологиялар өнүккөн заманда коомдогу пикир реалдуу күч болуп отурат. Лидерликтин жаңы формалары пайда болду. Парламентаризм дегенде мен эл шайлаган, расмий парламент өкмөт түзүп, анын ишин көзөмөлдөйт деген эски көз караштан кеңирирээк карайм. Парламентаризм – бул жер-жерлердеги лидерлик. Коомдук пикирди аныктап, анын күчү менен айылдын, ишкана, шаар жана мамлекеттин деңгээлинде күн тартибин аныктап, чечимдерди кабыл алууга жетиш керек. Эгер ушул пландардан алып карасак, “Ата Мекен” партиясы парламентте болбосо дагы, эбегейсиз, чоң иш жасаганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин партияда азыр каникул жарыяладык, январдын ортосунан кийин өз планыбызды аныктап, жарыялайбыз.

Президенттик шайлоого барам деп айттыңыз эле. Бул оюңуздан кайткан жоксузбу?

Жок, парламенттик шайлоодо өзүмдүн жана партиянын беш жылдык планы жарыяланган. Биз ошол багытта иш алып барабыз.

Аткаруу бийлигинен же элчилик иши боюнча кызмат сунуштаса барасызбы?

Азыр жок нерсеге мен баа бербей кое турайын…

Саясий талаадан качан кетесиз?

Ал нерсе көптөгөн факторлордон көз каранды. Ден соолук, коомдун сага болгон мамилеси, башка саясий күчтөр канчалык деңгээлде сени алмаштыра алат деген сымал маселелерге байланыштуу. Эгер сенин талааңда, сенин көз карашыңды карманган, сенден күчтүү лидерлер же саясий партиялар чыкса, өзүң эле келечектүү, перспективалуу күчтөргө кеңешчи болуп четке сүрүлүп каласың. Сенин идеологияңды колдогон адамдар чыкпаса, айла жоктон улам кетиш керек болот. Менин оппоненттерим ар түрдүү “троллдор” аркылуу “Текебаев, ордуңду бошот!” деп калышат. Аларга айтарым, менин ордум дээрлик бош, Садыр Жапаровго оппозиция болом десең, жол ачык. Менин катарыма тур, мен жасагандай жаса, менден жакшы жаса жана менден алдыга кет.

YouTube video