ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

2021-жылдын 11 –декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кыргыз мамлекеттик юридика университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.


Алгач, Ички аскерлердин биринчи колбашчысы генерал-майор Анарбек Шамкеевди эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, Командачылыктын аскер кызматчыларынын, ардагерлердин, студенттердин жана Анарбек Шамкеевдин жакын туугандарынын катышуусунда эстелигине гүлчамбарлар коюлду.


Андан кийин меймандардын назарына Ички аскерлердин кыскача тарыхы тууралуу даректүү тасма тартууланды.
Ички аскерлердин музейине, жоокер ашканасына жана жоокерлердин казармага болгон экскурсия учурунда, студенттерге тамак-аштын сапаты, жоокерлерге түзүлгөн шарттар жана Ички аскерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.


Иш- чаранын соңунда, студенттердин назарына 702 жана 714 бөлүгүнүн аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү менен аяктады.

WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.25 1 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.25 2 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.25 3 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.25 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.26 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү
WhatsApp Image 2021 12 11 at 14.23.26 1 ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү