«Тазалыктын» кызматкерин унаа сүзүп кетип каза болду

12-декабрда Бишкекте «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын кызматкерин унаа коюп кетип, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы бүгүн 06:45 чамасында Жибек-Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп, 1974-жылы туулган жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.

«Кылмышка шектелип Mazda унаасынын 1998-жылы туулган айдоочусу кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Унаа айып короого токтотулуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.