Кадамжайда жыл башында эки баланы сабагандар кармалды

Ушул жылдын 17-январында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Техас” кафесинин алдында 24 жаштагы М.К. жана 24 жаштагы Э.Б. аттуу эки жаранды бейтааныш 4-5 бала уруп денелерине жараат келтирген. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөөнүн алкагында кылмышка шектүү Кайтпас айылынын 34 жаштагы А.А. жана Алга айылынын 20 жаштагы Т.А. аттуу атуулдары кармалып, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Натыйжада кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.