Өлкөдө көмүрдүн орточо баасы беш миң 342,8 сомду түздү

Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын 10-декабрына карата үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна 5 342,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 989,6 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 969,9 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 824,6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом) жана Токмок шаарларында (бир тонна үчүн – 4 598,9 сом) болгону байкалды.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына салыштырмалуу Кербен– тоннасы 1 825,4 сомго же 30,4 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 333,5 сомго же 4,7 пайызга, жана Покровка айылында — тоннасы 300 сомго же 5,5 пайызга бир кыйла өсүшү белгиленди.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу Исфана (бир тонна үчүн – 1 871,6 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 748,9 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 428,5 сом) жана Токтогул (бир тонна үчүн – 906,2 сом) шаарларында баанын төмөндөшүн байкоого болот.