2-декабрда Кыргызпатент И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) “Экономика жана менеджмент” факултетинин 1,2,3-курсунун студенттери үчүн “Интеллектуалдык менчиктин негиздери. Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо.
Кыргыз Республикасында инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” аталышында коноктук лекциясы өткөрдү. Коноктук лекцияны өткөрүүнүн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо, о.э., инновацияларды өнүктүрүү жаатында студенттердин практикалык билимин жана кесиптик жөндөмүн арттыруу болуп саналат. Кыргызпатенттин адистери интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында презентация жасашты. Лекциянын катышуучулары активдүү түрдө талкууга катышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.
Жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги Кыргызпатенттке, лекторлорго кызыктуу лекциялар үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызпатенттин адистери өз кезегинде студенттерди интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоонун дүйнөлүк тажрыйбасын изилдеп көрүүгө, улуттук интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды сактоого, контрафакттык продукцияларды таратууну эскертүү боюнча Кыргызпатент менен кызматташууга чакырды. —