«Айыл банктагы» коррупциялык иш боюнча күбө катары БШКнын мүчөсү чакырылды

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов УКМКга сурак берип чыкты.

Маалыматка караганда ал 2-декабрда «Айыл банктагы» коррупциялык иш боюнча күбө катары чакырылган.

“Мен аталган банктан үч жыл мурун кызматтан кеткем. Биздин убакта берилген насыялар, андан кийин кайсы жетекчилер иштеген өздөрү жооп берет да»,-деди ал.

Маматов 2013-2019-жылдары “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерген. Расмий маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында «Айыл Банк» тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган. Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген болчу.