Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү

 2-декабрда Кыргызпатент И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) “Экономика жана менеджмент” факултетинин 1,2,3-курсунун студенттери үчүн “Интеллектуалдык менчиктин негиздери. Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо.

Кыргыз Республикасында инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” аталышында коноктук лекциясы өткөрдү. Коноктук лекцияны өткөрүүнүн негизги максаты – Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо, о.э., инновацияларды өнүктүрүү жаатында студенттердин практикалык билимин жана кесиптик жөндөмүн арттыруу болуп саналат. Кыргызпатенттин адистери интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында презентация жасашты. Лекциянын катышуучулары активдүү түрдө талкууга катышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты.

 Жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги Кыргызпатенттке, лекторлорго кызыктуу лекциялар үчүн ыраазычылык билдирди.

4L7A5978 Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү

Кыргызпатенттин адистери өз кезегинде студенттерди интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоонун дүйнөлүк тажрыйбасын изилдеп көрүүгө, улуттук интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды сактоого, контрафакттык продукцияларды таратууну эскертүү боюнча Кыргызпатент менен кызматташууга чакырды. —

4L7A5988 Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү
4L7A5946 Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү
4L7A5942 Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү
4L7A5944 Кыргызпатент И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн коноктук лекция өткөрдү
студент