Чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 20-ноябры аткезчилике каршы күрөшүү иш-чараларын негизинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.

01 Чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарган

КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1991-жылы туулган Р.С., аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей чоң ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.

03 1 Чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарган

Ал эми чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарып аргасыздан автоунааны токтотуу максатында дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.

Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1000 кг ашуун конфеттер аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган.

07 Чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарган

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.