Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”

“Кыргызстанга чукул бурулуш жасоо зарыл. Бул илимдин, билимдин, жаңылануунун бурулушу болуш керек. Мына ушул кадамды биздин партия жасай алат”. Бул тууралуу “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда айтты.

photo1637489011 1 Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”
image 12 9 Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”

“Мен Ат-Башынын суусун ичип, абасын жутуп, ушул жердин таалим-тарбиясын алган кыз катары аймакта кандай маселелер бар экендигин жакшы билем. Мен бала кезде эле Ат-Башыга бала бакчалар жетишчү эмес. Азыр айылдарда төрөт үйлөр жок. Бул район үчүн абдан чоң маселе. Ошондой эле социалдык көйгөйлөр, аймакты өнүктүрүү, чек араларды бекемдөө маселелери бар. Мындай алыскы райондун муктаждыктарын чече турган багыттар “Альянс” партиясынын программасында камтылган”, – деди талапкер.

Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан, чыгарылган продукцияны иштетүү зарыл экенин айткан Чынар Капарова эт комбинаттарын кайрадан ишке киргизүү мезгили келгенин кошумчалады.

“Өзүнүн чыгарган продукциясын иштетүү менен ар бир үйдөн бир ишкер чыгып, калктын жашоосу алда канча жакшырмак”, – деди талапкер.

“Альянс” – №3

Чынар Капарова – №16

Булак

image 12 10 Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”
photo1637489011 4 Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”
photo1637489011 Чынар Капарова: “Парламентке “Альянс” керек”

Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп»

Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы

Нускасы: 1

Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 21-ноябры

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).