Такси кызматкерине кол салгандар кармалды

 Бишкек шаарында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды, – деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя 19-ноябрда түн ичинде болду. Таксист кардарларын Тынчтык конушуна жеткирүү үчүн сапар алып, бирок орто жолдон кол салууга дуушар болгон. Кардарлардын бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп баштап, андан кийин унаадан жерге түшүрүп, смартфонун, 2500 сом акчасын жана автоунаасын тартып алышкан.

1266284.83083fc1d0328547959b01bdb5f1bdb8 Такси кызматкерине кол салгандар кармалды

Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылды. Бул факт Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көп узабай шектүүлөрдү табышты. Алардын бири аял киши.

Шектүүлөр:

– 1979-жылы тулуган С.А.;

– 1992-жылы туулган К.У.;

– 1983-жылы туулган О.Н..

Үчөө тең убактылуу камакка алынган. Тергөө, текшерүү иштери уланып жатат.