Өмүрбек Текебаев: Президент болуу ниетимди жарыялайм!

Бүгүн “атамекенчилер” Талас шаарында. Талас эли менен жолугушууга партия лидери Текебаев баштаган талапкерлер: Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Наталья Никитенко жана Нурдин Дуйшенбеков катышууда.
Текебаев Талас эли менен жолугушууда маанилүү билдирүү жасады. Ал президент болуу ниети бар экенин жарыялады
.

“Биз – “Ата Мекен” командасы Кыргызстанды кыдырып чыктык. Эл менен жолуктук. Өзүбүздүн тарыхый милдетибизди, миссиябызды сезип түшүндүк. Өлкө туура эмес жолдо баратат. Альтернативалык күч катары башка жолду көргөзөбүз. Кыргызстанда тарыхый процесстерди туура жолго бурушубуз керек. Биз жолуккан адамдар бул иш “Ата Мекендин” гана колунан келет, анын лидери катары Сиз тарых алдында жоопкерсиз. Ошол жүктү өзүңөргө алгыла” деп айтып жатышат. Мындан улам, биз партияда кеңешип, андай жоопкерчиликти өлкө үчүн алалы деп чечтик. Мен Кыргызстандын президенти болуу ниетимди силерге бүгүн ушул жерде жарыялайм. Бул менин жеке чечимим эмес. Бул эл менен кеңешкенден кийинки партиянын чечими. Анткени, биз өлкө үчүн, анын келечеги үчүн жоопкербиз. Жарым жолдо таштап койгонго укугубуз жок”

“Мени көп айыпташат. “2005-2010-жылы өзүң эле президент болсоң болмок, башкаларга берип койдуң” дешет? ,-деп айтты Текебаев.