Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган адам кармалды

WhatsApp Image 2021 11 19 at 12.17.10 1 Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган адам кармалды

Айлана-чөйрөгө мыйзамсыз кол салуулардан коргоо жана экологиялык кылмыштардын алдын алуу Ысык-Көл облусунун милициясынын негизги милдеттеринин катарына кирет. Токой тармагындагы кылмыштарды болтурбоо багытында милиция кызматкерлери тарабынан тынымсыз комплекстүү иш чаралар уюштурулуп келет.

Милиция кызматкерлери, тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте, облустун аймагында атайын рейдттерди турмушка ашырууда. Мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу фактылары көпчүлүк учурларда транспорттук каражаттардын жетишине кыйынчылыктарды алып келген аймактарда орун алып жаткандыктан, аларды аныктоо жана бөгөт коюу убактысын бир аз татаалдаштырып келет. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан, облустун милициясы тарабынан бул багытта активдүү аракеттерди көрүп келүүдө.

Алып айтсак, 19-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан, алынган маалымат боюнча Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кароо учурунда, анын үйүнөн ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылып алынган.

Бул факт, Ак-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 147 (Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөнүү сактоодо жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүүгө чакырып, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертишет.

WhatsApp Image 2021 11 19 at 12.17.09 Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган адам кармалды

Эгерде, кимде ким, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу менен алектенип жүрүшкөн жарандар жөнүндө маалыматтары болсо, милициянын «102» кызматына билдирип коюну өтүнүшөт.