Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды

Нарын ОИИБи: «Укук-Тартип» ыкчам алдын алуу иш-чарасында облус аймагында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды

WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.37 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды

2021-жылдын 28-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын облусунун аймагында 2021-жылдын 17-19-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн «Укук-Тартип» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, жер-жерлердеги шаардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнө аткарууга жиберилген.


Иш-чаранын жүрүшүндө 6 уурулук фактысы боюнча кылмыштардын бети ачылып, өз ыктыяры менен 7 ок атуучу куралдар алынып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Нарын облусу боюнча бузуулардын негизинде коомдук тартип жана укук бузган 279 адамга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодекси боюнча протоколдор толтурулулуп, жол эрежесин бузгандыгы учун 178, башка бузуулар боюнча түзүлгөн 101 адамга ШРИИБрү тарабынан протоколдор толтурулуп алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Ыкчам алдын алуу иш-чаралары учурунда облус боюнча мурда соттолгон 114 адам, алдын алуу каттоосунда турган жалпы 413 адам текшерүүгө алынып, уруксат берүү тутумуна кирген жалпы 221 мекеме, 10 ишканалар жана 211 ок атуучу куралы бар жарандар текшерилип, алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.38 1 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды
WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.36 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды
WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.38 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды
WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.39 1 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды
WhatsApp Image 2021 11 20 at 08.59.39 Нарында 6 уурдоо фактысынын бети ачылды

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы