Башкы прокурор президенттен кечирим сурады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Октябрь районунун прокурорунун орун басарынын кармалышы боюнча президенттен кечирим сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

«Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу ишине өзгөчө көңүл бурулат. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, бир карын майды, бир кумалак чиритет дейт, майрамдын астында Октябрь райондук прокуратурасындагы болгон ишти кайталабаганга аракеттенебиз», — деди баш прокурор.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалганын 18-ноябрда кабарлаган.