Өлкө башчы: Атамбаев менен Жээнбековду жолугушууга чейин элдештиргенбиз

Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандын мурдагы өлкө башчылары менен Дубайда болгон жогулушуу тууралуу суроолорго жооп берди.

Маектин башында Жапаров жолугушууну уюштуруу үчүн Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду элдештиришкенин айтты.

«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган. Андан кийин анан бардык мурдагы президенттерди чогулттук. Албетте ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Дубайда жолугушабыз дегенбиз. Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле. Бирок бизде сыр маалыматты жашыра албайсың да. Кыргызстанда баары ачык. Арасында бардык президенттер чогулуп жатканын билип алгандар да бар экен. Ошентсе да баары келип беришти», — деди ал.