Мамлекет башчы: “Мадумаровго жалдырамак белек”

Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даяр экендигин айтты.

Жапаров мурдагы президенттерди чогултуунун себеби бирөө эле — ал ынтымакка алып келүү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле президентке депутат Адахан Мадумаров тууралуу да суроо узатылган, ага жооп берген Садыр Жапаров Адахан Мадумаров менен былтыр чай үстүндө олтуруп баарлашып, жылуу маанайда тарап кетип, андан кийин эле анын кайра тетири кеткенин айтты.

“Мадумаровду да чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек”, — деп журналист тарабынан берилген суроого жооп берди.

Буга чейин Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алган:

“Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. “Баарын бир столго бириктирдим” деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү Кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен. Ушул жерге келип жыйналса, кепилдик беришсе дагы жакшы болмок. Жеке кишинин пикири менен улуттун пикирин аралаштырбаш керек. Ал сенин пикириң, бири-бири менен кечиришеби, кечиришпейби ал алардын жумушу. Мунун негизги максаты ошол жактагы президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес, азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын-ала чаап жатат”, – деди Мадумаров.