“Өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес”: Бишкек милиция башчысы Азамат Ногойбаев кечирим сурады 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берди.

«Мен өзүмдүн билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек ШИИББинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өттү. Чогулгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылды.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.