Шаардык троллейбустар саат 07:30дан кечки саат 22:00гө чейин каттамга чыгууда

Борбор калаанын троллейбустары шаардыктарды кечки саат 22:00гө чейин тейлейт.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн таңкы саат 07:30га карата линияга 124 троллейбус чыкты.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кыймылдуу курамынан бүгүн саат 07:30да 80 бирдик автобус каттамга чыккан, учурда каттамда 70 автобус бар.

Ошондой эле шаардыктарды кичи автобустар дагы тейлеп жатат, саат 07:30га карата алардын саны 600 бирдикти түзөт.