ВИДЕО. Алтынбек Айдаров iPhone 13 үлгүсүндөгү телефонду пара алып жатып кармалдыбы?

 17-ноябрда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Алтынбек Айдаров пара талап кылуу фактысы менен кармалды.

Тасмага байкоо салсак, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары Айдаров столунун суурмасынан iPhone 13 үлгүсүндөгү телефон алып чыгып жаткандыгы көрүнөт.

Маалыматта айтылгандай, кармалган кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган. Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды.

Айдаров КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.