Евробиримдик мигранттарга жардам катары 700 миң евро бөлөт

Евробиримдик Польша менен Беларустун чек арасындагы мигранттарга жардам катары 700 миң евро бөлүп берет. Мындай билдирүүнү Европа комиссиясы бүгүн расмий сайтына жарыялады.

Бул каражаттан 200 миң евро Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым эл аралык уюмдарынын Беларустагы өкүлчүлүктөрүнө берилип, мигранттарга гуманитардык жардам көрсөтүү, тамак-аш жана дары-дармек сатып алууга жумшалат.

Калган 500 миң еврону Европа комиссиясы мигранттарга башка эл аралык гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу бөлүп берет.

Еврокомиссиянын кризистерди башкаруу боюнча өкүлү Янез Ленарчич шаркет өзүнүн өнөктөштөрүн колдой турганын айтып, чек арада жана Беларустун башка аймактарында эч жакка чыга албай калган мигранттардын абалын жеңилдетүүнү көздөрүн билдирди.

Германиянын канцлери Ангела Меркел 15-ноябрда Александр Лукашенко менен телефондон сүйлөшүп, Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризисти жана качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.

Беларус-Польша чек арасындагы абалды Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путин да телефондон талкуулады. Алар кризисти жөнгө салуу зарыл экенин белгилеп, бирок аны чечүү боюнча бир пикирге келе алган жок.

Быйыл жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага таасир этип, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтара баштаган.

Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап жатат. Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо.