Мектептин курулушунда мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген

Бишкек шаарында бир нече мектептин курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды.

Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратура кабарлады.

“Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 2017-жылы №46 орто мектептин ондоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 миллион 268 миң сом сунуштаган “Д.” ААКтын филиалын тапкан. Ал эми 4 миллион 659 миң сомго ремонт кылгысы келген “М.К.Дж” ЖЧКнын сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган.

Натыйжада мамлекетке 609 миң сом зыян келген”, — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, мектеп боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары “Д.” ААКтын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 миллион 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.