Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти расмий сапар менен Бишкекке келди

Кыргызстанга Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис расмий сапар менен келди.

Ал Бишкекте өтө турган “Европа Биримдиги — Борбор Азия” экономикалык форумуна катышат.

Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Домбровскисти “Манас” эл аралык аэропортунан юстиция министри Аяз Баетов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тосуп алды.

Маалыматка караганда, 4-ноябрда ал президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат. Мындан тышкары жалпы каржысы 10 млн. еврону түзгөн кызматташуу боюнча эки инновациялык программанын ишке берилишине катышат.

Долбоордун бири Эстония, Финляндия жана Италия тарабынан ишке ашырылган 2 млн. евролук санариптештирүү боюнча, экинчиси, БУУнун баңгизат жана кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы менен ишке ашырылган 8,8 млн. евролук укук багытындагы долбоору.

Ошондой эле Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу боюнча Европа Биримдигинин программасынын алкагында кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекетине барат.