Аксыга кыз ала качып бара жаткан 4 бала кармалды

Оштон Аксыга кыз ала качып бара жаткан 4 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Ош шаарында окуган 2000-жылы туулган кызды никеге туруу максатында ала качып кетишкен.

«Көп өтпөй кызматкерлер тарабынан жүргузүлгөн иштин натыйжасында кызды уурдоого шектүүлөр кол тушкөн. 175-беренесинин («никеге туруу максатында уурдоо») негизинде иш катталган. Кармалган жигиттер унаа менен кошо Ош ШИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматында айтылгандай, жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыз менен жигит суралып, алар буга чейин сүйлөшүп жүрүшкөнү белгилүү болгон.