Кошумча көмүр сатуу кампасы ачылды

Бишкек шаарынын Ден Сяопин 306 дарегинде кошумча көмүр сатуу кампасы ачылды.Бул жерден көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомго сатып алууга болот. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кара-Кеченин көмүрүн арзан баада сатууну уюштуруу боюнча тапшырма келген.

Калк тарабынан көмүр сатып алуу суроо талабы жогору болгондуктан кошумча дагы бир кампа ачылды.

Арзан баада көмүр сатып алууну каалагандар Бишкек шаары, Мурманский1Б/1, Ден Сяопин 306 даректери менен келип сатып алууга болот.