Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларга эскертүү иш-чаралары жүргүзүлдү

ИИМ. Кооптуу жүктөрдү ташыган айдоочуларга эскертүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу болгон химиялык, өрт чыгуучу жана башка ушундай сыктуу заттарды ташуучу унаалардын айдоочуларына жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.


Жылдын башынан тартып «Роснефть», «Партнернефть», «Газпромнефть-Азия», «Кумтор», «Альфа-Ойл» жана башка ишканалардын айдоочулары үчүн атайын семинар өткөзүлдү.


Мындан тышкары кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн атайын эскертме буклеттер, анын ичинде ал айдоочулар кооптуу жүк ташууда кандай коопсуздук жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо керек экендиги, унаа каражаттарын кандай пайдалануу тууралу көрсөтмөлөр дайындайлып, жол кыймылын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер тарабынан кызмат өтөөдө жана ошондой эле атайын стационардык постордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Белгилей кетсек, туруктуу негизде республика аймагында “Кооптуу жүк” аталышта рейд иш-чара өткөрүлүп турут . Иш-чаранын алкагында, буузууларды башкача айтканда, атайын уруксаттары, тийиштүү категориялары, техникалык кароодон өтүү белгиси ж.б. тийиштүү документтери жок айдоочуларга, бузуулар кодексинин негизинде чаралар көрүлөт.


Жыл башынан бери жалпы жонунан 132 аныктама, 20 эскертме, 20 бузуулар туурауу протокол түзүлүп 332500 сом өлчөмүндөгү штраф салынды.


ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы