Көмүрдүн баасы арзандаганына нааразы болгон айдоочулар, – видео

Социалдык тармактарда Кара-Кече көмүр кенинде айдоочулардын Бишкектеги көмүрдүн баасынын 3 миң сомго түшүп калганынан нааразы болгон видео тарады.

Ал видеодо ондон ашык айдоочу бир жерге топтошуп алып, унаанын тетиктеринин жана күйүүчү майдын кымбаттап кеткенин жүйө келтиришкен. Ошондой эле Кара-Кечеде көмүр сатып алууда ирээтсиздикти айтышкан.

Бүгүнтөн тарта бийлик Бишкек шаарында бир базада көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сата баштады.

Эске салсак, 15-ноябрда Садыр Жапаров ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары менен жолугушуп жатып көмүрдүн баасын 3 000 сомго арзандата турганын убадалаган. Ага чейин кара алтындын баасы асманга чыгып, кээ бир жерлерде 6 000 сомго чейин сатылып жаткан.

Президенттин берген убадасы интернетке желдей тарап, арзан көмүр сата турган кампанын дареги дароо айтылган. Ал кампа Бишкек шаарындагы Мурманская,1Б/1 көчөсүндө жайгашкан. Базада иштегендердин айтымында, эл ал жакка таңкы 7ден тарта чогулуп, дароо кезекке туруп, жазылышкан. Саат 10:00дө 150дөн ашык адамдын тизмеси түзүлүп калган.