Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

Алдамчылыкка шектелип кармалган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу улуттук борбору маалымдайт.

Аталган борбордун кызматкерлери бүгүн, 16-ноябрда кармалуучу жайды кыдырышкан. 

«Ал 14-ноябрдан тартып тамактан баш тартканын билдирди. анын иши граждандык болуп каралуусу керек. Андан сырткары ал кармалуучу жайдын ахыбалы начар экендигин белгиледи.

Негизинен ал өз убагында каттар жеткирилбей жаткандыгына нааразы», — деп билдиришти Жаза аткаруу борборунан барган кызматкерлер.

Мамытбек жалпысынан Президентке, БУУга, Акыйкатчыга, АКШнын жана Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кат жазган.