ТЭЦ – 2 конушундагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат, – президент

Президент Садыр Жапаров тийиштүү тапшырма берди.

Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин, 2021-жылдын августунда Мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ТЭЦ – 2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда. Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды.

Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди. Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине тийиштүү тапшырма берди.